7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сурабалдиева ден соолукка кам көрүү иретинде спортту өнүктүрүү керек экендигин айтты

253

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коллегиялык кеңешмесине катышты. Анда ал ден соолукка кам көрүү иретинде спортту өнүктүрүү керек экендигин айтты.


«COVID-19 пандемиясы жашоонун көптөгөн тармактарына, анын ичинде спорт тармагына да жагымсыз кесепеттерин тийгизди. Пландаштырылган көптөгөн эл аралык турнирлер 2021-жылга жылдырылып, аймактардагы миңдеген массалык түрдөгү спорттук иш-чаралар жана спорттук мектептердин иши токтотулду. Пандемияга карабастан, биздин спортчулар Сербия Республикасындагы спорттук күрөш боюнча Дүйнөлүк кубокко катышуу жыйынтыгында мыкты натыйжаларды көрсөтө алды. Агенттиктин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары калк арасында активдүү жашоо мүнөзүн, спорт жана дене тарбиясы менен машыгууну жайылтуу иши болуусу тийиш. Бул маселе өзгөчө пандемия мезгилинде абдан маанилүү. Үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз алдына бир катар маанилүү милдеттерди койду. Тактап айтканда, 2021-жыл мамлекеттик органдар тарабынан социалдык тармактагы амбициялык пландарды жана милдеттерди ишке ашыруу жылы болот», — деди ал.


Вице-премьер-министрдин м.а. жаштар демилгесин, жаштар борборлорунун ишин колдоого багытталган долбоорлор боюнча сапаттуу иш жүргүзүлүшү маанилүү экендигин белгиледи.


Эльвира Сурабалдиева Токио (Япония) шаарында өтүүчү Олимпиадалык жана Параолимпиадалык оюндарга жана Түркия Республикасындагы IV Көчмөндөр оюндарына спортчулардын сапаттуу даярдыгын жүргүзүү, спортчулардын денинин сактыгына көңүл буруу, допингге каршы туруу иштерин улантуу, спорт тармагындагы инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүнө токтолду.


Коллегиялык кеңешменинин жыйынтыгы боюнча ошондой эле волонтердук ишти колдоого алууга багытталган тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу, жаштар иши боюнча кеңештин ишин жандандыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

254