7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде мыйзамсыз алтын чайкалган

790

Жалал-Абад облусунун прокуратурасы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарынын ченемдерин аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлгөнүн Башкы прокуратурадан билдиришти.

Текшерүүдө, Ала-Бука районунун Өрүктү айылынын тургуну мыйзам талаптарын бузуп, Орто-Токой суу сактагычынын жээгинде жердин үстүңкү катмарын бузуп, алтын чайкоо жумуштарын жүргүзгɵндүгү аныкталган.

Өз кезегинде, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери аталган аймакта Н.Н.уулунун алтын казууга уруксат кагаздары жок экенин билип туруп, 12 миң 384 чарчы метр жердин үстүнкү катмарын бузууга алып келген фактыны жашырышкан.
Натыйжада, мамлекетке жалпы 2 млн 853 миң 273 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

791