7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооруп калып ишке чыкпай калганда төлөнчү жөлөк пул эки эсе көбөйдү

741

Иштеп жаткан жарандар үчүн убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулдун өлчөмү эки эсе көбөйтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР мыйзамдары менен иштеген жарандарга убактылуу эмгекке жарамсыз болгон учурда социалдык кепилдиктер каралган. Иштеп жаткан жарандар ооруп калган учурда, аларга убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөнөт. Жөлөкпул биринчи он иш күнү үчүн эмгек акынын 100% өлчөмүндө, ал эми 11-иш күнүнөн тартып 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө иш берүүчүнүн өздүк каражатынын эсебинен төлөнөт.

Жөлөкпулду төлөө үчүн негиз болуп убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы саналат.

«Буга чейин убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпул 11-иш күндөн тартып айына 50 эсептик көрсөткүч (5000 сом) өлчөмүндө төлөнүп келген, ал эми 2023-жылдын 13-апрелинен тартып иштеген жарандарга карата социалдык колдоону күчөтүү максатында анын өлчөмү 100 эсептик көрсөткүчкө чейин көтөрүлүп, 10 000 сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын шарттарда иштеген жарандарга жөлөкпулду төлөө эмгек акынын толук өлчөмүндө, башкача айтканда эмгек акынын 100% өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

742