Ош облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-январь күнү Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 14:22де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылында 3 балл, Өзгөн районунун Чимбай айылында 3 балл, Мырзаке, Салам-Алик айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок», — деп берилет маалыматта.