7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Мигрант мекендештеримди кайтарып келүү президенттик милдетим

327

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып, Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери жана Жогорку Нарын каскадын тез арада куруу президент катары милдети экенин айтты.

Инаугурация аземи Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат.

Жапаров калың элдин жеңиши уурдалбай турганын айтып, элдин мүдөөсү узурпация болбойт деп ишендирди.

«Камбар-Ата, Сары-Жаз ГЭСтери, Жогорку Нарын каскады сындуу ири долбоорлорду тез арада ишке ашыруу, жумушчу орундарын түзүү аркылуу иш менен камсыздоону, миңдеген мигрант мекендештеримди кайтарып келүүнү президенттик милдетим деп эсептейм. Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган түп атабыз Долон бий, Бирназар бий аталарымдан келаткан осуятты урматтаган ата уулу катары озуйпам деп санаймын», — деди Жапаров.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

328