7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жылытуу мезгили 28-октябрда башталат

12

Бишкекте 28-октябрдан тарта жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чечим абанын температурасынын төмөндөшүн, Гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун жана турак үйлөр менен социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүн эске алуу менен кабыл алынды.

Мэрия жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, бекитилген тартипке ылайык, сырттагы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градус жана андан төмөн болгондо жылуулук бериле баштайт.

13