7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт

830

Бишкекте кыргыз тилинде окуткан класстардын саны көбөйөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Бишкек шаарында жалпы 103 мектеп болсо, анын 14ү толук кыргыз тилинде, 16сы толук орус тилинде билим берет. Ал эми калган 73 мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде (эки тилде) жүргүзүлөт.

2023-жылдын 25-июлунда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жыйында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 16 мектепке кыргыз класстарын ачуу боюнча тапшырма берилди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-февралында Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстарын, тайпаларын ачуу жөнүндө №16 сандуу буйругун чыгарган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

831