Таңыбызды ырлар менен баштайлы. Автор: Бердибек Жамгырчиев.
Сендейди кимдер сүйбөсүн,
Сен мээримге толгон дүйнөсүң.
Какшана бербейм жөнү жок,
Каректер гана сүйлөсүн.
Көркүңө кимдер күйбөсүн,
Сен көркөмү сонун дүйнөсүң.
Көп сөздөн деле пайда жок,
Көңүлдөр гана сүйлөсүн.
Сезимге кимдер күйбөсүн,
Сен сергиткен сонун дүйнөсүң.
Жүзүңө ырлар чачырап,
Жүрөктөр гана сүйлөсүн.
Толкуган көпкөк көлдөйсүң,
Толкунду кантип көрбөйсүң.
Көк асман көзгө чагылса,
Көңүлдү кантип бөлбөйсүң.