7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров «Эркечтам» өткөрмө пунктун модернизациялоону тапшырды

535

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июлда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Алай районундагы КР Түштүк-Батыш бажысынын «Иркештам» автомобилдик өткөрмө пунктунун (АӨП) иши менен таанышты.

Мамлекет башчысына бул жерде жалпы узундугу 3,4 чакырымды түзгөн төрт тилкелүү жолдун курулушу жүрүп жатканы, ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы макулдашууга кол коюлгандан кийин 2023-жылдын май айында башталганы жөнүндө маалымат берилди.

Долбоор ошондой эле узундугу 187 метр болгон эстакадалык көпүрөнүн курулушун жана көмүрдү ташуу үчүн ленталык конвейерди орнотууну камтыйт. Долбоордун аякташы Кыргызстандан Кытайга көмүрдү ленталык конвейер аркылуу жеткирүүгө жана өткөрмө пунктундагы жүктөмдү бошотууга мүмкүндүк берет. Андан улам, чек ара аркылуу товардык жүктүн агымын олуттуу көбөйтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Буга байланыштуу Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн бир нече эсе көбөйтүү үчүн аймакты толугу менен модернизациялоо, кеңейтүү, кошумча тилкелерди куруу жана «Иркештам» АӨПтүн бажы инфраструктурасын шайкеш келтирүү тапшырмасын берди.

Бул өзгөчө күз-кыш мезгилинде, Кыргызстандан Кытайга көмүр экспортунун көлөмү көбөйгөндө актуалдуу. Бул максаттарга кошумча каражат бөлүнөт. Паспорт боюнча «Иркештам» АӨПтүн колдонуудагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү 100 жүк ташуучу жана 60 жеңил унааларды түзөт. Бирок бүгүнкү күндө пункт аркылуу эки тарапка 300дөн ашык унаага карата бажы операциялары жүргүзүлүп, бул чек ара аймагында унаа тыгыны жана кезек күтүүгө себеп болууда. «Иркештам» АӨПтү модернизациялоо пункттун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн күнүнө 1000 унаага чейин жогорулатат, ошондой эле көмүр ташыган жүк ташуучу унаалардан жолду бошотот, анткени катуу отун Кыргызстандын бажы кампасынан Кытайга ленталык конвейер аркылуу жеткириле баштайт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

536