7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
13°C

Ошто жол сапатсыз курулган. Жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды

396

Ошто жолдун сапатсыз курулушу боюнча жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги “Айланма Ош” автожолунун 12-17-чакырымында (“Т-түрүндөгү” кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальтбетондук төшөөнү орнотууда мыйзамдардын сакталышына жана сапатына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө “Кыргызавтожол” ишканасынын №21 жол тейлөө ишканансынын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана “В.С.Л.” ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальтбетонду, ошондой эле асфальбетонду орнотуу боюнча иштерди жогорулатылган баада киргизишкендиги жана жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлар деформацияланып кеткендиги аныкталган.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.

Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

397