Бүгүн, 7-августта жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоонун жана кабыл алуунун IV туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
ЖОЖдорго кабыл алуунун I, II, III турунда 20 миң 278 абитуриент кабыл алынды.
Эскерте кетсек, 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн”автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу төрт тур менен жүргүзүлөт. Абитуриенттер ЖОЖдун жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.