Ысык-Көлдө скутер жана катерлердин майы калкып чыгып калган дронтон тартылган сүрөт соц тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, сүрөт Бостеридеги пляждардын биринде 5-август күнү түштөн кийин тартылган. Суунун үстүнө катер менен скутердин майы калкып чыгып калат, көбүнчө адамдар байкабай калат.
Учурда Ысык-Көлдөгү экология көйгөйү 2023-жылдагы туристтик сезондун негизги темаларынын бири бойдон калууда. Кээ бир катталуучулар мындай суу транспортторунун жүрүүсүнө тыюу салууну талап кылууда.