Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Найман суу сактагычынан 17 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыз суу сактагычка түшүп кеткен. Жерине тогуз куткаруучу тартылып, 6-августта кечки саат 20:35тер чамасында кыздын сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.