Ысык-Көл облустук милициясы Бостериде каза болгон жаран боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, милицияга 6-август саат 05:10 чамасында “103” кызматынан “Золотые пески” пансионатынын пляжында Талас облусунун 23 жаштагы тургуну каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Анда Бостери айылындагы «Алтын Кум» пансионатынын көл жээгинде 23 жаштагы Талас облусунун тургуну каза болгондугу маалымдалган. Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлөт. Алгачкы экспертизада маркумдун денесинен зордук-зомбулуктун изи табылган эмес.
Маркумдун классташтарынын айтымынында, алар 5-августта Ысык-Көлгө эс алууга келишкен. Саат 23:30 чамасында каза болгон жаран жана дагы бир классташы менен көл жээгинде жайгашкан барда эс алып жатышкан. Эс алуу учурунда, жигит белгисиз жарандар менен менен чатакташа кеткен, кийинчерээк бардан ылдый жакта аны эс-учун жоготкон абалда таап, жардамга элди чакырган. Жардамга келгендердин бири өзүн дарыгер катары тааныштырып, жигит тилин жутуп алганын айткан. Ал жигиттин карышып калган жаагын ачууга аракет кылган убакта Тез жардам келип калган, бирок жигиттин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Посмотреть эту публикацию в Instagram