7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Скай Мобайл” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалды

252

«Скай Мобайл” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Мурда коомчулукка маалымдалгандай, Аскер прокуратурасы жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик байланыш агенттигинин айрым кызмат адамдары КР өкмөтүнүн аппаратынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызмат адамдары жана жеке компаниялардын өкүлдөрү менен кылмыштуу байланышка барып, мыйзамдардын талаптарын бузуу менен радиожыштыкты спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоодогу коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн тергөөсү жүргүзүлүүдө.

Аталган иштин алкагында, 2021-жылдын 2-февралында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деп шектелип “Скай Мобайл” ЖЧКсынын мурдагы башкы директору Евгений Кражан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Анткени, ал аталган ЖЧКнын жетекчиси болуп турган мезгилде бул компаниянын кызыкчылыгын көздөп, радиожыштыкты спектрин пайдаланууга берилген лицензияны кайра каттоо жана трансформациялоого көмөк көрсөтүү максатында КР Өкмөтүнүн жогорку кызмат адамына акча түрүндө материалдык пайда (пара) бергендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

253