Ак кан (острый лейкоз) оорусу менен күрөшүп келген Толкунбек Шамшиевдин жакындары кайрымдуу кыргыз элинен жардам сурайт.
Шамшиев Толкунбек Сапаралиевич 1986-жылы туулган. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну. Кесиби боюнча — Врач травмотолог-ортопед. Бир кыздын атасы. Жубайы каза болуп, катуу стресстен кийин 2021-жылдан бери ак кан (острый лейкоз) ооруусу менен күрөшүп келет.
Учурда чет өлкөдөн операция жасатууга муктаж. Ал учун 100 000-120 000 $ зарыл.
«Урматтуу кайрымдуу жана боорукер элим, кайдыгер карабай, аз болсо да өз салымынызды кошуп кетиниз! Ар минута кымбат болуп, калын журтка кайрылып отурабыз. Бир кыздын атасы, Кыргыздын мыкты дарыгери, бир үй-бүлөнүн тоодой тиреги, элдин уулу болгон жаш жигиттин өмүрүн сактап калууга сиз дагы салым кошунуз!»,-дешти анын жакындары.
Мбанк: 4177 4901 6450 8923
Элкарт: 9417 3799 4280 1818
Тел. 0770484886