7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
21°C

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерин, аскер кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүргөн жаран кармалды

282

2010-жылы укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн жана издөөдө жүргөн КР жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 17-августунда издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалган. Ал 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.

УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

283