7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атасына бычак сайып өлтүргөн шектүү кармалды

659

Ошто өз атасын бычактап өлтүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, шектүү 14-август күнү эрте менен саат 10.00 чамасында аталган кичи райондогу үйүндө өз атасы 1955-жылы туулган А.Хамидов менен пикир келишпестен, чырдаша кетип, ашкана столунун үстүндө турган аш бычак менен атасына бир нече жолу: көкүрөк жана колдоруна сайып жиберген. Алган жараттарынан улам атасы, 68 жаштагы А.Хамидов өз үйүндө каза болгон.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү уулун кылмыштын изи сууй электе, өзүнө таандык документтерин алып, таксиге отуруп окуя жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармады. Учурда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан «адам өлтүрүү»(122-берене) беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тиешелүү соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

Маркум  Ош шаарынын Амир-Темир кичи районунда жашаган. 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп эмгектенген. Анын уулу, кылмышка шектүү 1982-жылы туулган Х.А. 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда ата-баланын ортосундагы чыр маркум атасынын баласынан жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылып айткан сөздөрүнөн улам чыккан. Атанын ак дилден айтып келе жаткан насаатын баласы көтөрө алган эмес…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660