7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
22°C

Баткен облусунда мыйзамсыз лотерея уюштургандар кармалды

306

Баткен облусунда лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея уюштурган Кыргыз Республикасынын жараны кармалды. Бул тууралуу  УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Лотереялар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуп, лицензия албастан, облустун аймагында массалык лотерея оюндарын уюштурган Кыргыз Республикасынын жарандары аныкталган.

Мыйзамсыз иштин уюштуруучусу, Баткен районунун Самаркандек айылынын 1993-жылы туулган тургуну К.у.К. жана башка тиешеси бар адамдар аныкталды. Уюштуруучулар лотерея билеттерин жалпы суммасы 8 миллиондон ашык сомго 2 миң 800 даана сатып Лотереянын жүрүшү YouTube аркылуу көрсөтүшүп, төлөмдү онлайн арыздар аркылуу алышкан.

Бул факты боюнча “Мыйзамсыз ишкердик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Уюштуруучулардын жашаган жеринен тинтүү учурунда лотереялык барабандар, ойнотулуучу унаалардын документтери, лотерея билеттери жана ишке тиешелүү башка документтер алынган.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307