7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Аңчы кыз» даректүү тасмасы дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалга катышууда

469

Кыргызстандык жаш режиссёр Сүйүм Сулайманованын “Аңчы кыз” толук метраждуу даректүү тасмасы дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалына катышууда.

Бул тасма 2022-жылы Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан кыскаметраждуу тасма катары өндүрүшкө жиберилген. Тасма редакция тарабынан кабыл алынгандан кийин режиссёр кошумча тартуу иштерин жүргүзүп, кайрадан толук метраждуу даректүү тасма катары жасап чыккан.

Учурда тасма 58-Карловы Вары кинофестивалынын “Work in progress” расмий программасына өттү. Карловы Вары кинофестивалы дүйнөдөгү престиждүү кинофестивалдардын бири жана 1956-жылдан тарта “А” класстагы фестивалы болуп саналат.

“Аңчы кыз” даректүү тасмасы Нуражар аттуу кыздын жана анын атасы Нурландын окуясын баяндайт. Алар байыркы салбуурун аңчылык өнөрүн алып жүргөн үй-бүлө. 13 жашар Нуражар атасынан карыш жылбай, байыркы өнөрдүн сырларын үйрөнүп, атанын жолун кыз бала да улай аларынын далили болуп келет. Тасмада ата менен кыздын аңчылык убагында бири-бирине тең жөлөк, тең өбөк болуп, бирдей кам көргөнүн көрүүгө болот.

470