Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү бекип, төрагасы Көчкөнбай Саддилаев болду. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган кеңешке 21 киши бекиди. Жаңы төрага мурда Аалымдар кеңешине мүчө болчу.
Ал эми Бакыт Нурдинов Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы болду.
Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын VII курултайы өттү. Анда республика боюнча келген делегаттар муфтийди, Аалымдар кеңешинин төрагасы менен мүчөлөрүн жана Борбордук текшерүү комиссиясынын жетекчисин шайлады. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы болуп Замир Ракиев бекиди.