2021-жылдын 6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын темпратурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-(Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Жаңыбазар-Киров унаа жолунун 71-75-(Чапчыма ашуусу), 200-215-(Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.