«Үй-бүлө — бул мамлекеттин өзөгү», — деген пикирин жаш активист Абай Карабаев бүгүн биздин редакцияга келип, үй-бүлө жана баалуулактар жөнүндө кеп салып кетти. Ал жада калса бул туурасында китеп жазып, «Үй-бүлө — мамлекеттин өзөгү», — деп атаган.
Китептин ичинде коомдун кендирин кескен 15 тема камтылган жана ал 90 барактан турат.

«Мен бул китепти жазуу үчүн 2 жыл издендим жана ар кайсы тармакта сабак алып, андан соң Кыргызстандын статистикасына таянып жаздым. Өлкөдө бир жылда 47 миң 400 үй-бүлө баш кошсо анын 11 миңи эки ажырым жолго түшүшөт экен. Биз өнүгүшүбүз үчүн алгач өзүбүздү бышырып, үй-бүлөбүздү бекем сактап, балдарыбызга жеткиликтүү тарбия беришибиз керек. Ошондо гана өлкөбүз бекем болуп өнүгүүгө карай бет алмакпыз. Бул китепти ар бир мекендешим окуп үй-бүлө куруу канчалык маанилүү экендигин светтик дагы, диндик дагы көз караш менен карап, үй-бүлөсүн сактап калууга бир чоң кадам таштайт деген ниеттемин», — дейт ал.
Абай Карабаев — «Коучинг» психотерапевт, Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун студенти, самбо күрөшү боюнча Азия биринчилигинин эки жолку коло медалынын ээси. Ал эми ошол эле спорттун түрү менен Кыргызстанда бир нече ирет чемпиондукту коргогон.