2021-жылдын 6-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарынын төмөн жерлерин суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар.
Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.
Кар көчкү түшөт деген кооптуу аймактар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусу;
- Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы;
- Өтмөк ашуусу, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Киров унаа жолунун 71-75-чакырымы;
- Чапчыма ашуусу, 200-215-чакырым;
- Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу;
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарында;
- Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы,
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымы
- Кара-Гөө ашуусу,
- Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-чакырымы;
- Талдык ашуусу, Сары-Таш-Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында;
- Чоң-Ашуу ашуусу кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.