6-декабрдан 8-декабрга чейин жаап жана күтүлүп жаткан карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-75- чакырымдарындагы Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.