Абакта алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө бөгөт коюлду. Эки түзөтүү мекемесинде соттолгондорго “арак-шарап” киргизүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.
Кылмышкерлер ар кандай тыюу салынган буюмдарды Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын атайын мекемелерине өткөрүп берүү аракеттеринен эч эле баш тартышпайт. Алардын арасында, спирт камтыган суюктуктар кездешет. Алсак, Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылындагы No8 — түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тарабынан 1993-жылы туулган Т.А.Ф.нын текшерүү учурунда 1989-жылы туулган соттолгон Н.У.М.га арналган тамак-аштын ичинен көлөмү 5 литр болгон желим бөтөлкө табылган. Анда өзгөчө жыты бар спирт ичимдик табылган.
Бул факты боюнча экспертиза дайындалган. Эгер алкоголдук ичимдик бар экендиги тастыкталса, кармалган жаранга 17 500 сом айып салынат.
Ушундай эле факты Жалал-Абад областында катталып, Ал жерден No10 — мекеменин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, ичимдиктерди киргизүүгө аракет кылган 2003-жылы туулган А.А.А аттуу жаран кармалган. Тинтүү учурунда анын жанынан баштык, анын ичинде скотч менен оролгон 8 желим бөтөлкө, спирттин жыты бар суюктук алынган.
Учурда аталган фактылар боюнча чогултулган материалдардын негизинде ички текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.