Кечээ, 10-сентябрь абактан кылмышка шектүү жаран качып кеткендиги тууралуу маалымат таркады. Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы абактан качкан жаран кармалгандыгын маалымдады.
Маалыматка ылайык, ал Ысык-Ата РИИБинен Бишкектеги СИЗО 1ге жеткирилген кезде, кире беришинен качып кетүүгө үлгүргөн. Аны кармоого Чүй ОИИБинин жеке курамы толугу менен, Бишкек ШИИБи менен ИИМдин опер группалары, Ысык-Ата РИИБинин курамы толугу менен катышып, кечке жетпей колго түшүргөн.
Абактан качууга аракет кылган 1994-жылы туулган Адилет Сагынбеков, Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренеси (Кылмыш-жаза тутумунун кызматкерине карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) боюнча кармалган. Сагынбеков Ысык-Ата РИИБнен Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге соттук олтурумга алынып келген кезде качып кеткен.
Ал качып бараткан учурдагы тама интернет желесинде таркады.
.