7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абактарда абал тынч, эч кандай тополоң чыккан жок

594

Кыргызстандагы абактарда абал тынч, эч кандай тополоң чыккан жок. Бул тууралуу 7-каналга Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

«Буга чейин соцтармактарга чыккан «Камчы Көлбаев кармоо учурунда өлтүрүлгөндөн кийин абактарда тополоң болду» деген маалымат чындыкка дал келбейт. 5-октябрга карата Жазаларды аткаруу кызматына караштуу Кыргызстандагы 26 абакта абал тынч, эч кандай тополоң жок»,- деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-октябрда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595