7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маданият министри спектаклдеги жылаңач эпизод тууралуу үн катты

999

Маданият министри Алтынбек Максутов “Күн кармаган бала” спектакли боюнча билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 24-29-сентябрь күндөрү эл аралык “ART ORDO” театр фестиваль өткөн. Аталган эл аралык фестивалга жалпы 17 спектакль катышып, К.Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театры Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин калемине таандык чыгарманы жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин режиссерлугу менен сахнага алып чыгышкан.

«Спектакль эл аралык калыстар тобунун сынынан өтүп, жогорку баа берилип, баш байгени багындырды. Ал гана эмес, көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди. Ал эми, социалдык тармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, 2 сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин 8 секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин аталган чыгарманын маани мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!? Көркөм чыгармада режиссердун айтайын деген оюу, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ.

Аны түшүнүп-билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп, К.Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалуу драма театрынын жана жаш режиссердун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун? Театр тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ. Алар чындыкты, конфликти, мүнөздөрдү чагылдыруу, аларды трактовкалоо жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо драмалык иш- аракеттер менен ишке ашат эмеспи. Бирок, оюндун оппоненттери, урматтуу биздин жарандарыбыз бир жагдайды эстеринен чыгарып жатышат окшойт: маселе искусствонун предмети жөнүндө кетип жатат. Ал эми искусстводо биринчи орунда образдуулук турат. Баардык көрүнүштөр, деталдар жаратмандын көркөм -образдуу ой жүгүртүүсүнө, көркөм-образдуу концепциясына гана баш ийдирилет. Ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан ар бир деталды, же көрүнүштү өз-өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алардын ар биринин мааниси, мазмуну комплекстүү каралганда гана, образдуу чечилиштин алкагында гана түшүнүктүү болот. Искусствонун өзгөчөлүгү ушунда. Талкуу болуп жаткан «Күн кармаган бала» спектаклин көрүүнү сунуштайм. Балким андан соң пикир өзгөрөөр», — деп жазган министр.

Кечээ, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев спекталь учурунда жылаңач болуп турган эпизодду сынга алган.

“Күн кармаган бала” спектаклиндеги энеси өзү жууна албаган оорулуу баланы багып алган жуунтуп жаткан эпизод коомчулукта талкуу жаратып, ар түрдүү пикирлерге жем таштаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1000