7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абдурахман Муртазалиев Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдирди

109

Өткөн айда Федерациянын тарбиялануучулары эл аралык аренадан жогорку жыйынтыктарды көрсөтүштү. Asian Youth Games мелдешинде спортчулар үч медаль жеңип, анын ичинде өлкө үчүн жалгыз алтынды алып келишти. Бир жума өткөндөн кийин Ислам оюндарында команда дагы үч коло медалды багынтты. Бул мелдеште Муртазалиев машыктыруучу катары да катышты.

Абдурахман Муртазалиев Олимпиаданын каналына берген маегинде спорттун өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан Камчыбек Кыдыршаевичтин эмгегин баса белгиледи:

«2016-жылы мамлекеттик органдардын спортко болгон мамилеси кандай болгонун жакшы билем. Бүгүн болсо бул тармакта олуттуу оң өзгөрүүлөр жүрүп жатканын көрүп жатам. Көрсөтүлүп жаткан колдоо, түзүлгөн шарттар жана спорттун өнүгүшүнө болгон аракеттер үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Ден соолук, ийгилик жана жемиштүү иш тилейм», — деди ал.

Муртазалиевдин айтымында, жаш спортчулардын ийгиликтери жаңы муун үчүн чоң дем берүүчү мисал болуп саналат.

«Жаштарга ийгиликтерге умтулуп, жеңиштерди багындырып, өлкөбүздү эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтүүнү каалайм»,- деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

110