7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Казакстандын президенти Оштун мэрин “Достук” ордени менен сыйлады

238

Бүгүн, 25-ноябрда Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан 2-даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Ош мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында Казакстан президенти К.К. Токаевдин “Атам жөнүндө баян” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жеңишбек Токторбаев Казакстандын президенти тарабынан 2-даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасаган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Мындан тышкары, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин китебинин негизинде тартылган “Бауыр” аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.

239