Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Абдылда Иманкулов Маданияттын мыкты кызматкери, куудул Нарынбек Молдобаевге күтүүсүз жерден «Nissan Primera» авто унаасын белек кылды. Бул тууралуу куудулдун жакындары билдирди.
«Биздин үй-бүлөбүз үчүн күтүүсүз болду. Баарыбыз бул белекке кубанып турабыз. Канча жылдан бери бир сахнада чогу иштеп келишет, бирок мындай чоң белекти биринчи жолу алып жатабыз. Үй-бүлөбүз менен терең ыраазычылык билдиребиз»,- дейт жубайы.