Айтматов таануучу, академик Абдылдажан Акматалиевге КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу “Манас” театры билдирди.
Сыйлык Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган эл аралык конференцияда ыйгарылды.
Иш-чарада сыйлыкты Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко тапшырды.
Абдылдажан Акматалиевге бул сыйлык адабияттагы жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөдөгү салымы үчүн ыйгарылды. Кошумчалай кетсек, КМШ ПААнын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ээсине 1 млн сом да берилди.
Ал эми Абдылдажан Акматалиев ыйгарылган сыйлыкка ыраазычылык билдирип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы түгөнбөгөн кенч экенин, аларга изилдөө жүргүзүү тынымсыз улантылышы керектигин кошумчалады.