Канттын «Абдыш-Ата» футбол клубу түркмөнстандык «Мерв» клубу менен оюн өткөрдү. Беттеш Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.
Эки таймдын жыйынтыгы менен 8:3 эсебинде «Абдыш-Ата» жеңишти илип кетти.
Эске салсак, 5-турдан кийин «Абдыш-Ата» 13 упай менен «Е» тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында туруп, мөөнөттөн мурун турнирдин кийинки — плей-офф баскычына чыккан. Ата-мекендик клубдар арасында канттык команда АФК Кубогунун плей-офф баскычына жеткен алгачкы клуб болду.
Тайпалык этап аяктаган соң интерзоналдык жарым финал (2024-жылдын 6-7, 13-14 март күндөрү) жана интерзоналдык финалдын оюндары өтөт (17 жана 24-апрель күндөрү), аталган оюндар «үйдө жана конокто» форматында уюштурулат. Андан соң, башкы финалдык беттеш 2024-жылдын 5-майында орун алат.