7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Абитуриенттер үчүн Приморский айыл чарба академиясына бюджеттик негизде 20 орун берилди

549

Кыргыз жарандары үчүн Орусиянын Усурийск шаарындагы Приморский мамлекеттик айыл чарба академиясына бюджеттик негизде 20 орун берилди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылына карата төмөнкү багыттар боюнча күндүзгү окуу үчүн 20 бюджеттик орун бөлүнгөн:

  • Агроинженерия;
  • Агрономия;
  • Агрохимия жана агроөсүмдүктөр;
  • Ветеринардык-санитардык экспертиза;
  • Зоотехния;
  • Токой чарбасы;
  • Өндүрүш технологиясы жана айыл чарба продукциясын иштетүү.

Чет өлкөлүк уюмда билим алгандыгы жөнүндө күбөлүк алган абитуриенттер экзамендеринин жыйынтыгы боюнча Академияга кире алышат. Документтер академиянын  http://primacad.ru/ сайты аркылуу «Абитуриент» бөлүгүндө дистанциондук түрдө электрондук түр менен тапшырышат.

  • Документтерди кабыл алуу — 20.07.2021-жылга чейин.
  • Киришүү сынактары — 29.07.2021-жылга чейин.
  • Катталуу — 17.08.2021-жылга чейин.
  • Окуунун башталышы — 2021-жылдын 1-сентябры.

Белгилей кетсек, бардык чет өлкөлүк студенттер жатакана менен камсыз болушат. Мындан сырткары биринчи курстун студенттерине ай сайын стипендия төлөнүп берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

550