7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Текебаев Орхан Инандынын уурдалышын суверендүүлүккө сол салууга тете деп баалайт

6951
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев бир ай алдын дайынсыз жоголгон мугалим, Кыргызстандын жараны Орхан Инандынын Түркиядан табылуусу боюнча пикирин билдирди.
Ал, Түркиянын атайын кызматы Кыргызстандын аймагынан, Кыргызстандын жаранын уурдап кетүүсү, биздин өлкөнүн суверендүүлүгүнө кол салууге тет экендигин айтат.
Пикир өзгөртүүсүз берилет.
«5-июль күнү Түрк өкмөтүнүн жыйынында Түрк президенти Реджеп Эрдоган «Түрк чалгындоо кызматтарынын атайын ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы менен Орхан Инанды Түркиянын территориясына алып келинди» деп жарыялады. Орхан Инанды Кыргызстандын жараны. Ал Кыргызстандын Билим берүү системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз чоң салым кошкон инсан, биздин мекендешибиз.
Кыргыз мамлекетинин суверендүүлүгү канчалык кол тийгис болсо, ар бир кыргыз жараны ошондой кол тийгис болуш керек. Анткени, Кыргыз граждандарынан Кыргыз эли түптөлөт. Кыргыз эли — мамлекеттин негизи. Ошондуктан, Кыргызстандын Конституциясынын бардык редакциясында «мамлекет өз граждандарынан коопсуздугун коргойт жана Кыргыз жараны чет элге эч убакта бербейт» деген кепилдик бар.
Түрк атайын кызматтарынын Кыргызстандын территориясында эркин жүрүп, Кыргызстандын граждандарын уурдап кеткендиги бул биздин мамлекеттин, Кыргызстандын суверендүүлүгүнө, анын мамлекеттик кызыкчылыгына кол салганга тете аракет.
Суверенитет четинен кертилип сатылбаш керек.
Ошондуктан, бул окуяга Кыргыз бийлиги тарабынан кечиктирилбестен адекваттуу тиешелүү баа берилиши керек, ошого жараша Кыргыз бийлиги тиешелүү аракеттерди жасаш керек.
Биз тараптан күнөөлүү адамдар болсо, ал аныкталып, алардын аракеттерине юридикалык баа берилилиши абзел!
Эртең, ар бирибиздин башыбызга ушундай кара түн түшсө, мамлекетибиз бизди таштап койбой турганына ишенгендей болушубуз керек»-деп жазылат Текебаевдин өздүк баракчасында.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6952