7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  

Курсы валют:

84,73
USD 0,00%
100,59
EUR 0,00%
1,16
RUB 0,00%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
33°C

Аброр Хакимов «Кикбоксинг» боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти

229

Ош ШИИБи боюнча МККБнын кызматкери Аброр Хакимов «Кикбоксинг» боюнча эл аралык турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-июнунан 21-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында Кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында эл аралык турнир өтүп, ага Аброр Хакимов дагы катышты. 75 кг салмактагылар арасында Өзбекстандык атаандашын накаут менен жеңип, кыргыз мамлекетинин желегин эл аралык турнирде татыктуу көтөрүп чыкты. Бул эл аралык турнирге 12ге жакын өлкөнүн профессионал спортчулары катышкан.

Эскерте кетсек, Аброр Хакимов Ош-Азия профессионалдык спорт клубунун тарбиялануучусу, Кикбоксинг боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери, Азиянын чемпиону, Дүйнө чемпиондугунун коло медалынын ээси.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

230