Ушул жылдын июнь айында Абу-Даби — Бишкек — Абу-Даби авиакаттамын ачуу пландалууда.
«Манас» эл аралык аэропорту билдиргендей, МЭА ААКсы Wizz Air Abu Dhabi авиакомпаниясы менен жаңы авиакаттамды ачуу жана кызматташуу боюнча макулдашууга кол койду.
«Өнөктөштүктүн башкы максаты — Кыргызстан менен БАЭнин ортосундагы жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү. Бул эки өлкөнүн ортосундагы туризмди кеңири өнүктүрүүгө жол ачып, дипломатиялык мамилелерди бекемдейт», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Airbus Neo 321 учактары жумасына 3 жолу шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү каттайт. Ошондой эле жакынкы арада Абу-Даби — Ош — Абу-Даби авиакаттамы ачылары кошумчаланды.