“Мыйзамсыз баюуга” шектелип, чет өлкөдө жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирди.
“Тергөө иштери жүрүп жатат. Анын негизинде Абжалиев 20 миллион сом төлөдү. Бирок ал акчаны кайсы жерден которгону тууралуу маалыматты айта албайбыз», — деди Кыдыралиева.
Жогорку Кеңештеги «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата быйыл мартта Жазык кодексинин 308-беренеси («Мыйзамсыз баюу») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Абжалиев өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалаган.
Белгилей кетсек, УКМК Абжалиевди «Кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн»,- деп шек санаган.