7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ачка кой кайтарган бала боюнча милиция маалымат берди

552

Кой кайтарып, көгөрүп кеткен нанды жеп жүрөт деген бала боюнча Талас милициясы маалымат берди.

Ага ылайык, кой кайтарып жүргөн бала 10 жашта. Арчагул айылындагы мектепте окуйт. Учурда айылдан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып, таэнеси менен кошо жашайт.

«Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов РИИБине алынып келинди. Кошумча маалымат берилет», — дешти Талас ОИИБинен.

553