21-ноябрда Ленинградда катталган жол кырсыкта эки унаанын биринен башы кесилген жансыз дене ыргып кеткен. Кырсыктын артынан айдоочулардын бири киши жегич экени аныкталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 23 жаштагы Егор Комаров тергөөчүлөрдүн сурагында, 2020-жылы 38 жаштагы петербургдук жаранды Сосновка паркынан өлтүрүп салганын айткан. Андан соң ал маркумду бышырып, этин жеген. Ал эми сөөктүн калдыктарын аңга ыргытып жиберген. Комаров адам этин жеп көрүүнү каалагандыгы менен түшүндүргөн.
Жол кырсыкта сөөк табылганы менен, киши өлтүргүчтү милиция кызматкерлери таба албай калышкан. Кийин кармалышып, окуянын чоо-жайын айтып берген.
Комаров менен 26 жаштагы Ян Щепановский Ленинграддагы Сортавала А-21 трассасында жол кырсыкка кабылышкан. Сүзүшүү учурунда унаанын багажынан адамдын жансыз денеси ыргып кеткен.