7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам өлүмүнө байланыштуу дарыгерлер кызматынан четтетилишти

639

Адам өлүмүнүн себеби такталганга чейин дарыгерлер кызматтан четтетилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-ноябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына барып, бейтаптын өлүмү боюнча кызматтык иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын укту.

Жыйынтыгында министр бейтаптын өлүмүнүн себептери такталганга чейин бөлүм башчы менен бөлүмдүн дарыгерин ээлеген кызматынан бошотууну тапшырды.

Буга чейин маркумдун жубайы күйөөсүнүн колу сынып ооруканага жеткирилгенин, аны туура эмес гипстешкенин, бир нече күндөн кийин эркектин колун кесип салууга туура келгенин билдирген.

Ал операция болгон күнү каза болгон. Аял оорукананын дарыгерлерин шалаакылык үчүн айыптоодо.

640