7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам өлтүрүүгө катышкан казак жараны Бишкектен кармалды

510

Адам өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн казак жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда Бишкек шаарынын аймагынан 1995-жылдын 5-декабрында туулган Алматы шаарынын тургуну А.Г.М. кармалды. Ал расмий өтмөктөрдү айланып, казак-кыргыз мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип (Кыргыз Республикасына карай) өтүп, андан соң эл аралык “Манас аэропорту” аркылуу үчүнчү мамлекеттерге учуп кетүүнү көздөгөн.

УКМК тарабынан Казакстандын жаранына карата Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү») боюнча кылмыш иши козголуп, Октябрь райондук сотунун чечими менен чет элдик жаран Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алынды.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ал Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан адам өлтүрүүгө катышкан деп издөөдө жүргөн.

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

511