Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов электрондук тамекиге тыю салууну сунуштады.
“Мен Таласка, Кочкорго барып келдим. Ар бир бала колуна энергетик кармап жүрөт. Балдар бурчка барып бир нерсе кылып жатышканынан жанына барсам, электрондук тамеки тартып жатышыптыр. Энергетиктер боюнча кийинчерээк айтам, азыр электрондук тамеки тууралуу айтайын. Жогорку Кеңешке келгенибизге 1,5 жыл болду. Ким гана айткан жок? Биз балдары ойлойбузбу? Аны жаап койгонго эмне каршы болуп жатат? Эмне үчүн кайдыгербиз? Бишкекте 153 расмий түрдө электрондук тамеки саткан дүкөндөр бар экен. Биз муну жабалы. Биздин фракция мыйзам долбоорун даярдайт”,— деди Кокулов.
Ошондой эле, ал өз сөзүндө дүйнө эли балдарды коргоо үчүн 40 миллион доллар сарптарын, ал эми биздин өлкөдө 1-2 ишкердин иши үчүн күнүгө балдар өлүп жатканын айтты.
Посмотреть эту публикацию в Instagram