3-октябрда Бишкекте «Кыргызстан сулуусу-2023» сынагы болуп өттү. Анда 21 жаштагы бийчи, модель Акылай Калбердиева өлкө сулуусу деп табылды.
Жеңүүчүгө таажыны «Кыргызстан сулуусу-2022» наамынын ээси Диами Алмазбекова өткөрүп берди.
Экинчи орунда 25 жаштагы Майя Турдалиева Эл аралык «Аалам сулуусу» сынагына катышуу укугун алды. Үчүнчү, 21 жаштагы Айпери Кеңешбекова- Эл аралык «Жер сулуусу» сынагына катыша алат. Ал эми, ушул эле сынакта «Бишкек сулуусу» деп 22 жаштагы Айгерим Сатымбек табылды.