7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам органдарын сатып жүргөн эл аралык кылмыштуу топ кармалды

380

Адам органдарын чет өлкөлөргө сатуу боюнча туруктуу канал уюштурган эл аралык кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

К.А.К. аттуу жаран чет элдик клиникаларда бөйрөк алмаштыруу үчүн ири суммадагы акча (80 миң долларга чейин) төлөөгө даяр бейтаптарды издөөнү жөнгө салган. Ал эми З.Р.З. анын шериги экени айтылууда. Алар адамдарды алдоо жолу менен ички органдарын сатууга азгырышкан. Донорлор медициналык текшерүүдөн өтүшү зарыл болгонуна карабастан оң корутунду чыгарылып келген. Мындан тышкары, уюштуруучулар медициналык клиникага тапшыруу үчүн керек болгон документтерди коррупциялык жолдор аркылуу жасалмалашкан.

Ошондой эле донорлор бир бөйрөк үчүн орто эсеп менен миңден жети миң долларга чейин, жалдоочулар ар бир донор үчүн үч миң долларга чейин алып келишкени белгиленди. Ал эми каналдын уюштуруучусуна 30 миң доллардан 70 миң долларга чейин түшүп турган.

17-апрелде бөйрөктү трансплантациялоо үчүн кезектеги донорду жөнөтүү учурунда «Манас» аэропортунун аймагынан кыргыз жарандары кармалды. Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар уланууда.

 

381