7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адам органын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

3266

Казакстанда адам органын сатуу менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Спутник Казакстан агенттиги жазып чыкты.

«Кармалган 22 адамдын арасында медиктер, нотариус, донор жана сатып алуучулар бар. Алар адам органдарын 21 миң долларга чейин баалашкан. Шектүүлөр Алматы шаарынан жана Алматы, Жамбыл, Түркстан облустарынан колго түшүрүлдү»,-деп берилет маалыматта.

Ошондой эле бул сыяктуу 8 факт аныкталганын ИИМден билдиришкен.

Эскерте кетсек, Казакстанда трансплантация үчүн органдарды сатып алууга жана сатууга тыюу салынган. Мыйзамды бузгандар 12 жылга чейин соттолот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3267