7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адамдардын жүзүнөн таануучу видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылды

592

Адамдардын жүзүнөн таануучу видеокамералар аркылуу издөөдө жүргөн 735 адам табылган. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Укук коргоо органдары тарабынан заманбап технологияларды колдонуу жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана укук тартибин сактоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет. Ички иштер органдарынын ишине санариптик технологияларды киргизүү көп жагынан кылмыштарды өз убагында аныктоо, алдын алуу, бөгөт коюу, бетин ачуу, кылмышкерлерди жана дайынсыз жоголгон жарандарды издөө зарылдыгы менен шартталган.

ИИМ тарабынан республика боюнча көзөмөлгө алынган 800дөн ашык видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинен 500дөн ашыгы коомдук жайларда орнотулган.

Белгиленгендей, Кыргызстандын аймагында издөөдө жүргөн адамдардын жүзүн аныктоо тутуму ишке киргизилгенден бери адамдардын жүзүнөн таануучу сырткы видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен жалпы 735 адам аныкталган. Алардын ичинен кылмышка шектүү катары издөөдө жүргөн 505 адам, үйүнөн чыгып кетип, келбей издөөдө жүргөн 114 адам жана эл аралык издөөдө жүргөн 104 адам бар.

593