Улуттук футбол боюнча курама команда Малайзиялыктарга утулуп калды. Беттеш 4:3 эсеби менен аяктады.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында өлкөбүздүн курама командасы «Букит-Жалил» стадионунда Малайзиянын командасы менен беттешти.
Биринчи таймдан кийин Кыргызстандын курамасы алдыда келе жаткан, бирок атаандаш эсепти теңеп, 4:3 менен жеңишти илип кетти.
Кыргызстандын командасында голдорду Кайрат Жыргалбек уулу, Эрнист Батырканов, Кай Мерк, Кристиан Браузман киргизди.