Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов бүгүн 92 жашка чыкмак. Ал 1928-жылы 12-декабрда азыркы Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
«Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу!»
Чыңгыз айтматов
⦁ Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишинин уулу болгон.
⦁ Өз атасы Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден «пантүркист» катары атылып кеткен.
⦁ Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова — теги боюнча татар, жергиликтүү театрда актриса болгон,
⦁ Таятасы Хамза — караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон.
⦁ II Дүйнөлүк согуш учурунда (1942-ж) Чыңгыз Айтматов 14 жашта болгон жана мектепти убактылуу таштап, айыл өкмөттүн катчысы болуп иштеп баштаган,
⦁ 1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт,
⦁ 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт,
⦁ 1959–1965-жж. орусча «Литературный Кыргызстан» журналынын баш редактору болгон,
⦁ «Правда» гезитинин кабарчысы да болуп иштеген,
⦁ 1988–1990-жж. Москвада чыгуучу «Иностранная литература» журналынын баш редактору болгон,
⦁ 1964–1986-жылдары Кыргызстан Кинематографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон,
⦁ 1976–1990-жылдары СССР Жазуучулар Биримдигинин Башкармалыгынын катчысы болгон,
⦁ 1986-жылы — Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин Биринчи катчысы болгон,
⦁ 1966-89-жылдары СССР Жогорку Кеңешини н депутаты болгон,
⦁ 1989-91-жылдары СССР Эл депутаты болгон,
⦁ 1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган,
⦁ 2008-жылы октябрь айларында 80 жылдыгына карата Улуттук Компьтердик гимназиясына келген,
⦁ 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумган
Чыңгыз Айтматовдун алгачкы жубайы — сүйүп алган жары Керез Шамшыбаева болгон.
⦁ 1930-жылы 10-августта Чүй облусундагы Он-Бир-Жылга кыштагында туулган. Атасы Шамшыбай Жакыпбай уулу Экинчи дүйнөлүк согушта набыт болгон. Керез Бишкектеги Медицина институтун, анын ординатурасын аяктап, кулак, тамак, мурун кенселдерин айыктыруу жаатындагы адис болгон,
⦁ 1954-жылы Санжар, 1959-жылы Аскар деген уулдарды төрөгөн,
⦁ 1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз экөө тынч ажырашкан. Өмүрүрүн соңуна чейин Чыңгызга каршы пикир айтпастан, инсандын аруулугун, улуулугун көрсөткөн,
⦁ 1999-жылы 6-мартта бул жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү Байтик айылына жакын көрүстөнгө коюлган.
Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында махабат баяндалат. Чындыгында, окурмандарынын жүрөгүнө жеткен ал махабаттар ой-кыялдан гана жарала калган эмес.
“Аскада калган аңчынын ыйы” аттуу китебинде Чыңгыз Айтматов:
“Жашырганда не? Студент кезде, жаштык чакта бий аянтында, той-тамашада далай кыз менен таанышкан учурларыбыз болгон. Ошолордун ичинен өзүнүн жан сезими менен да, келбети менен да бүт эркимди бийлеген махабат өмүр бою эсимден кетпей калды. Ал – кыргыз искусствосунун маңдайына бүткөн чолпон жылдызы, атактуу бийчи Бүбүсара Бейшеналиева болчу…”- деп жазат.
Ч. Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиеванын махабаты тууралуу драматург жана режиссер Ж. Кулмамбетов «Чыңгыз менен Бүбүсайра» аттуу драма жазып, 2005-жылы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы ТЮЗда коюлган. Ал эми 2008-жылы ушул эле драманын негизинде Ж. Кулмамбетов «Чыңгыз менен Бүбүсайра» деген фильм тарткан.
⦁ 1980-жылдардын ортосунда Чыңгыз Айтматов Мария Айтматовага баш кошкон.
Чыңгыз Айтматов Мариядан Ширин аттуу кыз жана Элдар аттуу уул көргөн.
⦁ 2011-жылдын 30-августунда Бишкектин борборундагы Ала-Тоо аянтынын түштүк тарабына Чыңгыз Айтматовдун айкели тургузулган,
⦁ Колодон жасалган, бийиктиги 3 метр болгон айкел Орусияда жасалган.
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эмгектери дүйнө жүзүндө бааланып, бир нече сыйлыктарга ээ болгон.
⦁ 1958 — «Эмгектеги артыкчылыгы» медалы менен сыйланган.
⦁ 1962 — «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.
⦁ 1963 — «Повести гор и степей» деген китеби үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.
⦁ 1967 — «Эмгек Кызыл Туу» ордени менен сыйланган.
⦁ 1968 (август айында)- Кыргыз ССРинин эл жазуучусу деген ардактуу наам берилген.
⦁ 1968 (ноябрь айында) — «Жаныбарым, Гүлсары» повести үчүн Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон.
⦁ 1971 — Ленин ордени менен сыйланган.
⦁ 1974 — Н. К. Крупская атындагы медаль менен сыйланган.
⦁ 1975 — «Манас атанын ак кар,көк музу» очерки үчүн «Огонек» журналынын сыйлыгы ыйгарылган.
⦁ 1976 — «Эрте келген турналар» аттуу повести үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
⦁ 1977 — «Ак кеме» повести жана ал боюнча жазылгал көркөм фильмдин сценарийи үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.
⦁ 1978 — Ленин ордени жана «Орок жана Балка» алтын медалы менен сыйланган; Социалисттик эмгектин Баатыры» деген * наам ыйгарылган.
⦁ 1979 — «Эрте келген турналар» жана «Деңиз бойлой жорткон Ала дөбөт» аттуу чыгармаларындагы терең гуманизм жана адам улуулугунун духун ачкандыгы үчүн Италиянын Вольтерра шаарынын көркөм коомчулугу 1-сыйлыгын ыйгарышкан.
⦁ 1980 — Италияда «Эрте келген турналар» жана «Дениз бойлой жорткон Ала дөбөт» чыгармалары үчүн эл аралык «Этрурия» сыйлыгы тапшырылган.
⦁ 1983 — «Кылым карытар бир күн» романы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын алган.
⦁ 1984 — «Элдердин достугу» ордени менен сыйланган.
⦁ 1987 (май айында) — Польшадагы балдардын сунушу боюнча ойлонуп табылган «Жылмаюу» ордени ыйгарылган.
Бүгүн Айтматов Чыңгыз Төрөкулович көзү тирүү болгондо 92 жашка толмок.